Тег Тюрингия

Эрфуртта «Кыргыз кызы» скульптурасы пайда болду

Эрфурт шаарында кыргыз жаштарынын билимге болгон умтулуусун билдирген “Кыргыз кызы” скульптурасынын ачылышы менен “Чет элдик жаштарды тосуп алуу күнү” өттү. Иш-чарага Тюринг өкмөтүнүн, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана студенттер чогулуп, квалификациялуу кадрларды даярдоодо кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти. «Советтик Кыргызстандын кызы» деген картинадан шыктанган скульптура жацы мумкунчулуктердун жана аялдардын коомдогу активдуу ролунун символу болуп калды.

Германияда Экинчи дүйнөлүк согуштан бери биринчи жолу шайлоодо ашынган оңчул партия жеңишке жетти.

Тюрингияда откон шайлоодо ультра оңчул “Германия үчүн альтернатива” партиялары 32,8% добуш менен биринчи орунда алды. Христиан-демократиялык союз 23,6% менен экинчи, ал эми «Сара Вагенкнехттин союзу» 15,8% менен учунчу орундуу эле. AfD партиялары 32 мандат алса, коалиция түзүш үчүн 45 депутат керек.