Бишкекте КСДПнын эки өкүлү добуштарды сатып алуу фактысы боюнча кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө алар шайлоодо добуш берүү үчүн накталай акча которууну уюштурушканы аныкталган. Кылмыштуу аракеттерди тастыктаган акча жана документтер алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.
Токмок шаарында досун өлтүрүүгө шектелген 34 жаштагы жаран кармалды. Окуя 9-ноябрь күнү спирт ичимдиктерин ичип отуруп, оозеки чыр-чатактан кийин болгон. Жабырлануучунун денесинен жаракат алган жансыз денеси токой плантациясынан табылган. Бул факты боюнча "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Аскердик прокуратуранын кызматкеримин деп таанышып, жарандын акчасын алдоо жолу менен ээлеп алган алдамчы кармалды. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат. Жабырлануучуларды прокуратурага кайрылууну суранабыз.
Бишкекте кайгуул-күзөт кызматынын инспекторлору 27 миң сом пара алып, жарандан унаасын мыйзамсыз тартып алып жаткан жеринен кармалды. Тинтүү учурунда коррупциялык фактылар аныкталып, тергөө амалдары уланууда.
Бишкекте мыйзамсыз курал-жарак жана баңгизат сактаган деп шектелген мурда соттолгон жаран кармалды. Ал кылмыштуу топтун мүчөсү болгон жана кылмыш дүйнөсүндө байланышы болгон. Операция учурунда андан тапанча жана мылтык алынган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Бишкек 7-август болгон тоноо боюнча шектуу кармалды. Алар Т.Н.нын 13 жашагы уулун коркутуп, iPhone 12 Pro Max телефон номери 5000 сом алган. Шектүүлөрдүн үчөө, алардын арасынан мурда соттолгону да бар, милиция бөлүмү жеткирилген. Тонолгон телефон кайрап, шектуулврдун башка кылмыштарга катышы текшерилуудо.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы (ИИБ) Аламүдүн РИИБнин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысын кармады. Милиция кызматкери алдамчылыкка шектелүүдө: ал кызды Ички иштер министрлигине ишке орноштурууну убада кылып, 110 миң сом алып, бирок убадасын аткарган эмес. Кыз арыз жазып, андан кийин ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.