Үч-Коргон ГЭСинин №4 гидроагрегатын реконструкциялоо 65%га бүттү
Үч-Коргон ГЭСинин No4 гидроагрегатын реконструкциялоо боюнча негизги иштер бүткөрүлүп, анда бардык иштердин 65%ы аткарылган. Модернизациялоо станциянын кубаттуулугун жогорулатууга жана кызмат мөөнөтүн узартууга багытталган. 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине карата электр энергиясын ишенимдүү камсыздоо максатында монтаждоо иштери, анын ичинде генераторлорду жана трансформаторлорду орнотуу активдүү уланууда.