Баткен районунун жергиликтүү кеңештерине шайлоо мыйзам чегинде тынч өттү
Баткен облусунда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо мыйзам бузуулар катталган жок. Коомдук тартипти 950 милиция кызматкери жана 424 элдик дружина камсыз кылган. 219 шайлоо участогунда шайлоо өз убагында өтүп, аймакта абал туруктуу. Кыргызстанда жалпысынан 2 миң 437 шайлоо участогу ачылып, аларга 4 миллиондон ашык шайлоочу добуш берген.