Тег участогу

Бишкекте муниципалдык менчикке дарыкананын жайы кайтарылды

Бишкек шаарындагы жер пайдалануу башкармалыгы Боконбаева көчөсүндөгү 144Б дарегиндеги 35 чарчы метрлик дарыкананы муниципалдык менчикке кайтарды. Мындан тышкары, 100 чарчы метрлик жер тилкеси да муниципалдык менчикке өттү. Мурда жеке ишкердин колунда болгон мүлк, түшүндүрүү иштеринин натыйжасында өз ыктыяры менен шаарга кайтарылды.

ГКНБ мамлекетке КГМАнын менчигинен мыйзамсыз чыгарылган жер участогун кайтарды.

Бишкекте И.Ахунбаев атындагы КГМАнын мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул аймак 1998-жылы жеке менчикке өткөрүлгөн, эми кайра мамлекеттик менчикке берилди.

Жаңы ГЭС жана күн станциялары: Жашыл энергетика фонду инвесторлорду издеп жатат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Жашыл энергетика фонду кайра жаралуучу энергия объекттерин куруу үчүн жер тилкелерин берүү боюнча сынак жарыялады. Сынак 2025-жылдын 19-ноябрында өтөт.

Өзгөндө мал базары мамлекетке кайтарылды

Өзгөн шаарында 1,28 гектар аянттагы мал базары үчүн каралган жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталды. Жер тилкеси 2002-жылы жеке менчикке сатылган. 2018-жылы да ушундай жол менен 0,70 гектар жер менчиктештирилген. Экөө тең мамлекетке кайтарылды.

Манас районунда бала бакча жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Манас районунда мыйзамсыз жеке менчикке берилген бала бакча жана 0,35 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Прокурордук чаралардын негизинде бул объекттер 5,8 млн сомго бааланып, мамлекетке өткөрүлүп берилди.

Балыкчы шаарындагы жер тилкеси жана кампалар мамлекетке кайтарылды.

Балыкчы шаарында мыйзамсыз менчиктештирилген 1,8 га аянттагы жер тилкеси жана мүлк комплекси мамлекетке кайтарылып, шаар мэриясынын балансына коюлду. ГКНБ бул багыттагы иштер улантылаарын билдирди.

Бишкекте «Салам Баку» кафесин бузуу иштери башталды

Бишкекте Анкара жана Ч. Валиханов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Салам Баку» кафесинин демонтажы башталды. Объекттин колдонуу мөөнөтү аяктагандыктан жана ал суу коргоо аймагында жайгашкандыктан, колдонуу укугу узартылган жок.