Тег участогу

Бишкек шаарынын мэри Көк-Жар айылындагы кырдаал боюнча түшүндүрмө берди.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Кок-Жар айылындагы 2021-жылдын декабрынан кийин курулган мыйзамсыз объекттерди бузуу иштери жүрүп жатканын билдирди. Жер амнистиясы бул объекттерге колдонулбайт, ал эми 2026-жылдын 1-январынан тарта жаңы Генплан күчүнө кирет.

Ала-Тоо Резорт” тоо лыжа кластери: аукциондо 4 лот сатылды

Бишкектеги "Ала-Тоо Резорт" долбоорунун алкагында "Жыргалан" курортунун курулушу үчүн аукцион өткөрүлүп, 4 лот сатылды. Бул долбоор экономикалык өсүштү, инфраструктураны өнүктүрүүнү жана жаңы жумуш орундарын түзүүнү көздөйт.

Таласта «Кербен Базар» соода базары мамлекеттин менчигине кайтарылды

Таласта «Кербен Базар» аттуу соода базары мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул базар 3 га аянтта жайгашып, мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүлгөн. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер тилкеси кайрадан мамлекеттин балансына кайтарылды.

Жумгал районундагы 1,8 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Бишкек, 07.07.25 /Кабар/. Жумгал районундагы 1,8 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул жер мурунку «Химия» ишканасына таандык болгон. СССР убагында айыл чарба үчүн жер семирткичтерди чыгарган ишкана кийин «Жылдыз» ААКсына айланган. 2006-жылы «Жылдыз-Сервис» ЖЧКсы банкрот болуп, мүлкү сатылып кеткен. Жер Чаек айылдык аймагына өткөрүлдү.

Ат-Башы районунда 16 миллион сомго прокуратура имараты курулат.

Нарын облусунун Ат-Башы районунда жаңы прокуратура имаратынын пайдубалына капсула салуу аземи болуп өттү. Эки кабаттуу имарат кызматкерлер үчүн бардык шарттарды түзүп, заманбап жабдуулар менен камсыздалат.