
Кыргызстан 2030-жылга чейин “жашыл” электр энергиясы рыногун өнүктүрүүнү көздөйт
Кыргызстанда 2025-2030-жылдарга карата кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү программасы сунушталууда. Программа чакан кубаттуулуктагы күн панелдери, шамал генераторлору жана башка микрогенерациялык жабдууларды жайылтууну көздөйт. Максаты — укуктук жана экономикалык шарттарды түзүү, калкка жана бизнеске заманбап технологияларга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, ошондой эле энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу.







