Нарын районундагы «Ат-Башы эт» этти кайра иштетүүчү ишканасы чыгарган продукциясы ислам стандарттарына туура келгендигин тастыктаган «Халал» сертификатына ээ болду. Бул инвестиция тартуу жана Кыргызстандын халал индустриясында экспорттук потенциалын жогорулатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Бишкекте Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын кызматкерлери эттин дүң баасына мониторинг жүргүзүп, уй эти 470 сомдон 540 сомго чейин, козу этинин 510 сомдон 530 сомго чейин баасын аныкташкан. Сатуучуларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол берилбестиги жана монополияга каршы мыйзамдарды сактоонун маанилүүлүгү түшүндүрүлдү.
Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги азык-түлүктүн баасына мониторинг жүргүзүп, Казакстандан 10,04%, Орусиядан 15,43% арзан экенин аныктады. Апта ичинде Кыргызстанда тооктун жумурткасы менен уй этинин баасы бир аз көтөрүлсө, коңшу өлкөлөрдө бир катар товарлардын баасы төмөндөөдө.
Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы Казакстандыкынан 13,59%, Орусиядан 16,17% арзан. Акыркы жумада Бишкек жана Ош шаарларында уй эти, май жана жумуртка кымбаттаса, Караколдо баалар туруктуу. Коңшу өлкөлөрдө да ар кандай товарлардын баасы көтөрүлүүдө.