Тег укук белгилөөчү документтер

Оберон базарларынын мамлекеттик аймактары мамлекеттин менчигине кайтарылды

Бишкекте “Оберон” ЖЧКсы мыйзамсыз менчиктеп алган “Дордой” жана “Орто-Сай” базарларынын жерлери мамлекеттин менчигине кайтарылды. Сот мүлктүк укук актыларын жараксыз деп таап, эми дээрлик 4 миллиард сомдук бул участоктор мэриянын бюджетине киреше алып келет. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети иликтөө иштерин улантып, тиешелүү кызмат адамдарын аныктоодо.

Сокулук районундагы жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Сокулук районунда 2000-жылдан бери укук белгилөөчү документтери жок пайдаланып келген 80 гектардан ашык жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. «Мижас» дыйкан чарбасынын председатели менчик укугун таанып, наркы дээрлик 258 миллион сомду түзгөн участокту өз ыктыяры менен өткөрүп берген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо иштерин улантууда.