Бишкекте 17-ноябрда өткөн шайлоодо массалык башаламандыктарды жана бийликти күч менен басып алууну пландаган топтун мүчөлөрү кармалды. Шектүүлөрдүн жанынан курал-жарак, жардыруучу заттар жана баңгизаттар алынган. Ички иштер министрлиги тарабынан кылмыш иштери козголуп, башка катышуучуларды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары уланууда.
Бишкекте патрулдук милиция кызматкерлери күбөлүгүнөн ажыратылган айдоочунун жубайына мыйзамсыз айып пул салды. Милиция кызматкерлери аялынын атына протокол түзүп, 5 миң сом алып кетишкен. Кылмыш иши козголуп, бир прапорщик камакка алынды.
Бишкекте Lexus RX 450H үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү Жөргөмүш адамдын беткап кийгизип терезеден эңкейип баратканы видеонун каарманы болду. Айдоочу табылып, 16 миң сом айып салынып, унаа айып жайга камакка алынган.
Ала-Букин районунун Байма айылында жер мыйзамын бузуу фактысы аныкталды: жергиликтүү тургун К.М. талаптагы 0,50 гектардын ордуна 0,70 гектар жерди алтын казып алуу учун казып, асылдуу катмарын зыянга учураткан. Ага 537 миң 600 сом доо коюлуп, 5 миң 500 сом айып салынган.
Бишкекте 11-сентябрдан бери “Автомобилдин айдоочусу” рейди жүрүп, анын жүрүшүндө 568 мотороллер жана мопеддер айып аянтчасына документтери жок болгондугу үчүн коюлган. 112 айдоочуга протокол түзүлүп, 307 айдоочу соттук-медициналык экспертизаны күтүүдө. Патрулдук милиция жол эрежесин сактоого чакырат.
Ысык-Ата районунун Гагарин айылында таштанды таштоочу жайда таштанды күйүп жатканы катталды. Жергиликтүү ишкананын жетекчиси экологияны бузганы үчүн айыпка жыгылды. Кант шаардык мэриясы 90% өчүрүлгөн өрттү локализациялоону активдүү жүргүзүп, Жаратылыш ресурстар министрлигинин инспекторлору менен биргеликте кырдаалга көз салууда.
Бишкекте мас абалындагы айдоочу менен анын жүргүнчүсү "Токто" деген буйрукка баш ийбей, милиция менен мушташа кетти. Куугунтуктун жана физикалык күч колдонуунун натыйжасында экөө тең кармалып, алкоголдук мас абалында экспертизадан өткөрүлдү. Айдоочуга мас абалында унаа башкарганы үчүн айып кагазы берилип, жүргүнчү майда бейбаштык үчүн 3 суткага камакка алынган.
Кемин районундагы браконьерликке каршы рейд откорулуп, «Москвич 412» унаасынан жапайы да козунун сойгон тушу жана мыйзамсыз откорулгон куралдар табылды. Кармалгандар - Шабдан айылынан.
Кыргызстанда "Чалдовар" өткөрмө пункту аркылуу мыйзамсыз уюлдук телефон дорду алып киругго аракет кылышкан. Мамлекеттик салык кызматы жана Чек ара кызматы тарабынан 150 телефонду убактылуу алып коюп, бул фактылар боюнча укк коргоо органдарына маалымат берди.