
Улуу Британияга сезондук иштерге аттанган кыргызстандыктар үчүн тренинг өткөрүлдү.
Бишкекте Улуу Британияга сезондук иштерге жөнөп жаткан жарандар үчүн алдын ала окутуу болуп өттү. Бул иш-чарада 100дөй катышуучу финансы сабаттуулугу боюнча тренингден өтүштү. Окутуунун негизги темалары: эмгек акыны эсептөө, салык салуу, каржыларды натыйжалуу башкаруу, укуктук жана социалдык аспектилер. Иш-чара Эл аралык миграция уюмунун жана Улуттук банктын колдоосу менен уюштурулду.








