Тег укуктук кызматташуу

Кыргызстандын Башкы прокурору Улуу Британиянын элчиси менен жолугуп, уурдалган мүлктөрдү кайтаруу маселесин талкуулады

Бишкекте Кыргызстандын Башкы прокурору М.Асаналиев менен Улуу Британиянын элчиси Н.Боулердин жолугушуусу болуп, анда укуктук кызматташуу, коррупцияга каршы күрөшүү жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды. Тараптар укук коргоо органдарынын эффективдүү иштеши жана жарандардын укуктарын коргоо үчүн мыйзамдык базаны түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.