Улан Карыпбеков Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жаңы жетекчиси болуп дайындалды.
Президент Садыр Жапаров Улан Карыпбековду Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору кылып дайындады. Буга чейин ал Мамлекеттик кызмат иштери боюнча мамлекеттик агенттикти жетектеп келген.