
Улан Ниязбеков: Баары милицияда кызмат кылууну каалашат — бул престиж жана туруктуулук
Бишкекте милиция күнүнө карата ички иштер министри Улан Ниязбеков цифралдык трансформация жана кызматкерлердин социалдык коргоосун жогорулатуу боюнча маалымат берди. Соңку эки жылда жаңы цифралдык модель ишке киргизилген. Милициянын автопарктары жаңыланууда, кызматкерлердин маянасы эки эсеге, Баткен облусунда төрт эсеге жогорулаган.








