Тег ультраправые

«Британияда митингдер жана талкалоолор болду. Эмне болуп жатат?»

Британияда массалык башаламандык уланууда. Полиция 420 адамды кармап, бул сан дагы өсүшү мүмкүн экенин билдирди. 29-июлда Саутпорт шаарында 17 жаштагы жигит балдар бий студиясына кол салган. Натыйжада үч кыз өлүп, он адам ооруканага түшкөн. Кийинчерээк башаламандык башталып, полицияга каршы акциялар өттү. Ушул окуялардан улам, мигранттарга каршы нааразылык акциялары күч алды. Британия өкмөтү кырдаалды жоюу үчүн чукул жыйын өткөрүп, мыйзам бузгандарга катуу чара колдонорун билдирди.