Бишкекте Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору менен жолугушту
Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын аймактык директору Татьяна Проскурякова менен жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты жана стратегиялык долбоорлорду, анын ичинде Камбар-Ата ГЭС-1ди курууну талкуулады. Тараптар өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин ырасташты.