Этникалык кыргыз аял өзбек парламентине депутат болуп шайланды
Этникалык кыргыз Нодира Жанибекова «Адолат» социал-демократиялык партиясынан Өзбекстан парламентине кайрадан депутат болуп шайланды. 27-октябрда өткөн шайлоодо төмөнкү палатанын курамы 60% жаңыланды, 38% аялдар түзөт, бул өлкө үчүн рекорддук көрсөткүч.