Жогорку соттун төрагасы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн белгиледи
Жогорку Соттун төрагасы Медербек Сатыев кыргыз элин Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү менен куттуктап, элдин тарыхын, каада-салтын сыйлоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал өткөндөн сабак алууга, адилеттүүлүктү бекемдөөгө жана жарандардын укугун коргоого чакырып, ошондой эле бардык мекендештерге ден соолук жана бакубатчылык каалады.