8-октябрда Кыргызстандын Улуттук банкы валюталык интервенция жасап, 54,5 миллион доллар сатты. Анын ичинен 20 миллион доллары бүтүм түзүлгөн күнү эсептешүү менен сатылса, 34,5 миллион доллары кийинкиге калтырылган эсептешүү менен сатылган. Доллардын расмий курсу 85,20 сом.
Талас облусунда “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрүү пунктуна жакын жерде мыйзамсыз акча алмаштыруучу жайда Кыргызстандын эки жараны кармалды. Алардын ар бирине 17500 сомдон айып салынды.
Кыргызстандын Улуттук банкы 2024-жылдын 2-октябрына карата валюта курсун жаңылады: АКШ доллары 84,24 сом, евро 93,53 сом, орус рубли 0,90 тыйын, казак теңгеси 0,17 тыйынды түздү. Коммерциялык банктарда доллар 84,07 сомдон сатып алынып, 84,55 сомдон сатылууда.
Кыргызстандын Улуттук банкы 2025-жылга эки коллекциялык монетанын: күмүштөн жасалган “Тушоо кесүү” жана “Эгемендүү Кыргыз Республикасына – 35 жыл” алтынынын эскиздерин түзүү боюнча сүрөтчү-дизайнерлердин сынагын баштайт. Чыгармалар берилген темага жана жогорку көркөмдүк талаптарга жооп бериши керек.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети турак жай курулушунун жана турак-жай сактык кооперативдеринин ишин женге салуучу жацы жобону бекитти. Мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө Юстиция министрлигине, Ички иштер министрлигине жана Улуттук банкка жүктөлөт. Мындай чечим кооперативдердин аракетинен жапа чеккен жарандардын кайрылууларынын көбөйүшүнө байланыштуу кабыл алынды.
Кыргызстандын Улуттук банкы мыйзам бузууларга байланыштуу Бишкектеги Sky Course алмашуу бюросунун ишин убактылуу токтотту. Лицензия 2024-жылдын 19-сентябрынан 3-октябрына чейин токтотулат.
Кыргызстандын Улуттук банкы С.Т.С аттуу жаранга 17 500 сом айып салды. Бишкек шаарында тиешелүү лицензиясы жок мыйзамсыз валюта алмаштыруу үчүн.
Кыргызстандын Улуттук банкы 2024-жылдын 18-сентябрына карата валюталардын курстарын жарыялады: АКШ доллары 84,55 сом, евро 94,24 сом, орус рубли 0,92 тыйын, казак теңгеси 0,17 тыйын, кытай юаны 11,91 сом. Коммерциялык банктарда 1 доллар орто эсеп менен 84,25 сомдон сатып алынып, 84,74 сомдон сатылууда.
Кыргызстандын Улуттук банкы 2024-жылдын 17-сентябрына карата валюта курсун жаңылады: доллар 84,66 сом, евро 94,17 сом, орус рубли 0,93 тиын. Банктар долларды орто эсеп менен 84,33 сомдон сатып алууда.
Кыргызстандын Улуттук банкы мыйзам бузгандыгы үчүн Бишкектеги эки акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын кайтарып алды. "BMD GROUP" бюросу жана "KZh zero bir" лицензияларынан 2024-жылдын 10-сентябрынан тартып ажырашкан.