
Бишкек мэри УМСти шаар тургундарынын кызыкчылыгы үчүн иштөөгө чакырды
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык мүлк башкармалыгынын жаңыланган курамына шаар тургундарынын кызыкчылыгында иштөөгө чакырды. Ал мыйзам бузууларды жоюу жана шаардыктардын кайрылууларын өз убагында кароо зарылдыгын белгиледи. Жаңы жетекчи Талгат Бекбоев кызматкерлерге сыноо мөөнөтүн белгилеп, мыйзам бузуулар аныкталса катуу чара көрүү тапшырмасын алды. Реорганизациядан кийин башкармалыктын иши кыйла жакшырды.

