Тег Унаа

7-апрелде чоң жүк ташуучу унаа жолдо тыгын жаратты

Бишкектин 7 Апрель көчөсүндө Volvo маркасындагы жүк ташуучу унаа бийиктик чектөө белгилерин байкабай, курулуштун астына кирип кетип, жолдо тыгын жаратууга себеп болду. Окуя болгон жерге тез арада УПСМ кызматкерлери келип, жарандардын жардамыменен жүк ташуучу унааны чыгарып, транспорттун кыймылын калыбына келтиришти. Жергиликтүү тургундар менен биргеликте жүргүзүлгөн аракеттердин натыйжасында жолдун кыймылы кыска мөөнөттө калыбына келди.

Кыргызстандын ашууларында кар: жүк унаалары үчүн убактылуу чектөөлөр киргизилди

Кыргызстанда аба-ырайынын кескин өзгөрүшү менен көп аймактарда кар жаап, жол кызматтары тынымсыз жолду тазалоо иштерин жүргүзүүдө. 4-ноябрда жүк унаалары үчүн Тоо-Ашуу, Ала-Бель жана Отмок капчыгайларында убактылуу чектөөлөр күчүндө. Министрлик айдоочуларды жол эрежелерин сактоого жана жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырууга чакырууда.

Салык кызматкерлери стоматологиялык импланттарды мыйзамсыз алып келүүнү токтотушту.

Бишкек, 23.10.25. /Кабар/. «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө бекетинде Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 1 млн сомдон ашуун бааланган стоматологиялык имплантаттарды мыйзамсыз алып кирүүнү токтотушту. Документтер укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Ташиев Кемин чек ара заставасынын кызматкерлерине кызматтык унаа тапшырды

Бүгүн Камчыбек Ташиев Чүй облусундагы «Кемин» чек ара заставасына жаңы JAC 8 автоунаасын тапшырды. Бул чек ара коопсуздугун бекемдөө жана кызматкерлердин шарттарын жакшыртуу үчүн жасалган кадам болуп саналат.

«Аламедин» базарында жаңы ротордук токтоочу жай иштей баштады

Бишкекте «Аламедин» базарынын аймагында 10 унаага ылайыкталган экинчи ротордук унаа токтотуучу жай ишке киргизилди. Бул жаңы технология борбордун автотоктотуучу жайларындагы орун жетишсиздигин чечүүгө жардам берет.

Кытай өлкө боюнча eSIM телефон кызматтарын ишке киргизди

Кытайдын ири телекоммуникация компаниялары өлкө боюнча eSIM кызматын ишке киргизди. China Telecom, China Mobile жана China Unicom колдонуучуларга смартфон, акылдуу саат жана автоунаалар үчүн eSIM технологиясын сунуштайт.

Чүй облусунда $66,5 миң долларлык алдамчылыкка шектелгендер кармалды

Аламүдүн районунда 66,5 миң долларлык алдамчылыкка шектелгендер кармалды. Алар жабырлануучунун ишенимине кирип, унааларын сатып алуу шылтоосу менен алдап, из жашырышкан. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Бишкек шаарындагы транспорттук келечек: Генплан-2025 сунушталды

Бишкек шаарындагы транспорт көйгөйлөрүн чечүү боюнча биринчи Жол кеңеши-2025те жаңы Генералдык план талкууланды. Изилдөөлөр 40% магистралдар талапка жооп бербей турганын көрсөттү. Жаңы план борборду транзиттик транспорттон бошотуп, коомдук транспорттун артыкчылыгын жогорулатууну көздөйт. 2050-жылга чейин 28 км темир жол, 63 км трамвай линиялары жана 68 км коомдук транспорттун тилкелери курулат. Бул коомдук транспорттун колдонуучуларын 54% көбөйтүп, жеке автоунааларды колдонууну 1,5 эсеге кыскартат.

Бишкек шаарындагы жол тыгындарын чечүү үчүн мэрия бир катар санариптик демилгелерди киргизүүнү көздөп жатат.

Бишкектеги жол тыгындарын чечүү үчүн бир катар демилгелер иштелип чыкты, анын ичинде "акылдуу шаар" компоненттери менен интеграциялоо жана "акылдуу токтотууларды" киргизүү.