Токтогул районундагы «Арал» постунда Бишкек-Ош унаа жолунда муз тоңуп, кырсыктарды жана тыгындарды алдын алуу максатында жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев скутерлерди жана жеке мобилдик каражаттарды колдонууну жөнгө салган мыйзамга кол койду. Жаңы коопсуздук талаптары киргизилди, анын ичинде чагылткычтарды жана чырактарды милдеттүү түрдө орнотуу, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташууга жана мас абалында унаа башкарууга тыюу салынды. Мыйзам бузуулар 10 доллардан 100 долларга чейин айыпка жыгылат. Мыйзам 2024-жылдын 28-октябрында күчүнө кирген.
Туштук магистралында элиталык сегиз ынаанын катышуусунда кичине жол кырсыгы болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктын себеби унаалардын ортосундагы аралыкты сактоодо. Жабыркагандар жок, бирок уналарга чон зыян келди.