11-ноябрдан 13-ноябрга чейин Бишкек шаарында Башкырт педагогикалык университети тарабынан уюштурулган Акмуллин атындагы орус тили боюнча олимпиада өтүүдө. Кесиптик багыт берүү боюнча жолугушууларга өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген студенттер катыша алышат. Жыйынтыктар 20-ноябрга чейин чыгарылып, жеңүүчүлөр 2025-жылы Уфа шаарындагы Эл аралык жайкы билим берүү мектебине катышууга мүмкүнчүлүк алышат.
ОшМУ «EAAR Eurasian University Ranking – 2024» эл аралык рейтингинде 2-орунга ээ болуп, Евразиядагы алдыңкы университеттердин арасындагы позициясын тастыктады. Рейтингде университеттердин дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграцияланышына көмөктөшүү менен билим берүүнүн сапаты, илимий потенциалы жана академиялык аброю эске алынган.
Бишкекте мектеп окуучуларынын тамактануусун жакшыртуу жана 2024-2025-жылдарга стратегиялык пландаштыруу боюнча тегерек стол өттү. Катышуучулар жаңы демилгелерди, MGD21 программасын ишке ашыруудагы көйгөйлөрдү жана мектептердеги тамак-аштын сапатын жакшыртуу үчүн жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү тартуу боюнча сунуштарды талкуулашты.