Урайымов

Кыргызстандык окуучулар Италиядагы информатика олимпиадасында экинчи орунду алышты

Кыргызстандык команда Италияда өткөн Балкан информатика олимпиадасында 2 алтын жана 2 коло медаль утуп, тарыхый жыйынтык көрсөттү. Команда экинчи орунду ээлеп, Алихан Айдарбеков мыкты үчтүккө кирди.

Кыргызстандык окуучулар Румыниядагы эл аралык олимпиадада 7 медаль жеңип алышты.

Кыргызстандык окуучулар Румынияда өткөн IX Info(1) Cup эл аралык олимпиадасында 1 алтын, 3 күмүш жана 3 коло медаль утуп алышты. Жетишкендиктерге негизинен "Сапат" лицейинин окуучулары жана алардын машыктыруучусу Кылычбек Урайымов салым кошту.