2025-жылдын 1-январынан тарта Орусияда чет элдик жарандар үчүн жаңы эрежелер күчүнө кирет, алар уруксатсыз жүрүү мөөнөтүн жылына 90 күнгө чейин чектейт. 2025-жылдын 5-февралынан тартып өлкөдөн чыгууга мыйзамдуу негиздери жок адамдар үчүн чыгаруу режими киргизилет. Тартип бузгандар көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилип, депортацияланышы мүмкүн. Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарын өзгөртүүлөр менен таанышып, алардын укуктук абалын жөнгө салууга чакырат.
Жогорку Кеңеш бизнесте аялдарга колдоо көрсөтүүнү жакшыртуу максатында “аялдардын ишкердигине” аныктаманы киргизүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Депутаттар күрөөсүз насыяларды камтыган чараларды сунушташты. Ошондой эле лицензиялануучу ишмердиктин тизмесин кыскартууга багытталган лицензиялык-уруксат берүү тутумун оптималдаштыруу боюнча мыйзам долбоору талкууланды.
Кыргызстан айыл чарба жаныбарларын инвентаризациялоо үчүн ири жана майда жандыктарды жана жылкыларды экспорттоону убактылуу токтотот. Иш-чара ветеринардык нормалардын сакталышына жана малдын так эсебине көзөмөлдү жакшыртууга багытталган. Инвентаризация 15-20 күнгө созулат, андан кийин экспортко уруксаттар жаңыртылат.
Бишкек 5-сентябрь баштап чет элдик жарандарды каттоо боюнча жаны шарттар кучуно кирди. Эми жеке максатта келгендер 60 кундун ичинде убактылуу жашоо уруксаатына милдеттуу. Ушул убакыт ичинде уч документти сунуштоо керек. Убактылуу жашоо уруксаты Кыргызстанда бир жылга чейин жашоого мумкунчулук берет, киинчерээк беш жылга чейин узартууга саз.