Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн экс-начальниги мыйзамсыз басып алынган жерге эс алуу жайын куруп жаткан жеринен кармалды.
Бишкекте документтерди жасалмалоо жана жер басып алуу фактысы боюнча Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн мурдагы башчысы жана жайыт комитетинин төрагасы кармалды. 2023-жылы эс алуу аймагы үчүн жер тилкесин мыйзамсыз каттатып, ал жерге туруктуу курулуштар курулган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мүлктү мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иштерди улантууда.