Тег уюлдук байланыш

Зардалы айылына баруучу жолдун бийик тоолуу бөлүгүндө бургулоо жана жардыруу иштери башталды

Баткен районунун Зардалы айылында жолду жакшыртуу жана жол белгилерин орнотуу максатында бургулоо, жардыруу иштери жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров буга чейин жол куруу жана электр жарыгы менен камсыздоо тууралуу билдирген. Ошондой эле кубаттуулугу 29 МВт болгон кичи ГЭСти түзүү пландаштырылууда, долбоордун баасы болжол менен 1,6 миллиард сомду түзөт.

Алыскы Зардалы айылында уюлдук байланыш пайда болду, деп билдирди президенттин басма сөз катчысы.

Баткен районунун Зардалы айылында президент Садыр Жапаровдун иш сапарынан кийин уюлдук байланыш «Мега» компаниясынын аркасы менен пайда болду. Тургундар инфраструктураны өнүктүрүү боюнча өтүнүчтөрү менен кайрылышып, учурда көйгөйлөрү чечиле баштады.