Бишкекте автомектептин бүтүрүүчүсү гаджет аркылуу сынактан өтүүгө аракет кылган
Бишкекте автомектептин бүтүрүүчүсү уюлдук телефон жана башка аппараттар аркылуу айдоочулук күбөлүк алуу боюнча теориялык экзамен тапшырууга аракет кылды. Бул аракетти Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери токтотуп, талапкерлерди текшерүү учурунда көз боёмочулук болгонун аныкташкан. Материалдар кошумча иликтөө үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.