
Узгенде жаңы канализацияны тазалоо станциясы ишке киргизилди
Узген шаарында жаңы канализациялык суу тазалоо станциясы ишке киргизилди. Бул станция 2000 куб метрге чейин суу тазалап, 10-13 миң тургунду тейлей алат. Жаңы объекттин курулушу 2024-жылы башталып, Европалык өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган.








