Улуттук банк валюта рыногуна дээрлик 70 миллион доллар сатты
Кыргызстандын Улуттук банкы 14-ноябрда интервенция жасап, валюта рыногунда 68 миллион 650 миң доллар сатты. Анын ичинен 39,7 миллион доллары бүтүм түзүлгөн күнү эсептешүү менен сатылса, 28,95 миллион доллары кийинкиге калтырылган эсептешүү менен сатылган. Бул ноябрда экинчи интервенция болуп саналат, 2024-жылы жөнгө салуучу 22 валюталык интервенция жүргүзгөн.