Тег ведомстволор

Ошто кинологдордун мелдеши башталып, Чек ара кызматынын кинология борборунун капсуласы салынды

Ош шаарында 3-ведомстволор аралык кинологдор мелдеши ачылып, ага күч түзүмдөрүнүн 4 командасы катышууда. Сынак ЕККУнун колдоосу менен өткөрүлүп, улуттук коопсуздукту камсыздоодо кызматташууну бекемдөөгө багытталган. Иш-чаранын алкагында эл аралык стандарттарга жооп бере турган жаңы Кинологиялык борбордун пайдубалына да капсула салынды. 1 миллион евролук долбоор 72 кызматтык ит үчүн заманбап окуу класстарын жана питомниктерди камтыйт.

Кыргызстан менен Камбоджанын тышкы иштер министрлери өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту

Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Камбоджанын тышкы иштер министри Сок Ченда Софеа өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты жана эл аралык уюмдардагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнү талкуулап, мамилелерди тереңдетүү үчүн консультациялардын жана визиттер алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.