Тег вейп

«Кыргызстанда ЕАЭБ өлкөлөрүнөн сигарет киргизүүдөн бюджетке түшкөн каражаттар кыскарды»

2024-жылдын январь-июнь айларында ЕАЭБ өлкөлөрүнөн фильтри бар сигареттерден алынган акциздик салыктан мамлекеттик бюджетке 2 миллиард 526,2 миллион сом түшкөн. Бул маалыматтар Финансылар министрлигинин отчетунда берилген. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул акциздик салыктан түшкөн каражаттар 652 миллион 577,5 миң сомго азайган. 2024-жылы табак буюмдары (анын ичинде вейптер) боюнча акциздик салыктан бюджетке жалпы 2 миллиард 575,5 миллион сом түшкөн. 2023-жылдын 26-июнунда Жогорку Кеңештин депутаттары вейптерди чегүүгө жана Кыргызстанга алып келүүгө айып пулдарды бекиткен.