Эмгек министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу жетектеген гуманитардык миссия этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү менен Ооганстандын Бадахшан шаарына медициналык жана ветеринардык буюмдарды жеткирди. Дарыгерлер тарабынан 755 жаранга жардам көрсөтүлүп, жергиликтүү тургундарга ооруларды аныктоо жана ветеринардык дарыларды колдонуу боюнча окуулар өткөрүлдү.
Кыргызстандын балык чарбаларында ветеринардык-санитардык нормалардын сакталышы көзөмөлгө алынат. 8-11-октябрга чейин Жалал-Абад облусундагы бир катар суу сактагычтардын суулары текшерилүүдө.
Кыргызстанда 12 жаңы касапкана курулуп, жалпы саны 101ге жетти. Анын 10у чоң, 64ү кичи жана 27си орто, бирок 15и ветеринардык нормалардын бузулушуна байланыштуу ишин убактылуу токтоткон. ЕАЭБ реестринде 10 касапкана катталган, бул аларга продукцияны экспорттоого мүмкүндүк берет.
18-октябрдан 20-октябрга чейин Бишкекте АгроТехЭкспо-2024 көргөзмөсү өтүп, фермерлер Айыл Банк менен Элдик Банктын лизинг мүмкүнчүлүктөрү менен тааныша алышат. Иш-чарада дүйнөлүк алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн айыл чарба техникаларынын, инновациялык технологиялардын жана айыл чарба продукцияларынын заманбап үлгүлөрү көрсөтүлөт.
Балык чарба департаментинин адистери эл аралык адистер менен биргеликте Кыргызстандын бир катар аймактарындагы балык чарбаларына мониторинг жүргүзүп, балык ооруларына, суунун сапатына жана жашоо шарттарына баа беришти. Анализдин натыйжалары балыктын ден соолугун жакшыртуу жана тармактагы оорулардын коркунучун азайтуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууга жардам берет.
Кыргызстанда 2024-жылдын 20-22-сентябрына чейин мал уурулук менен күрөшүү боюнча ыкчам-профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Ички иштер министрлиги ветеринардык кызмат менен бирдикте мал базарларды жана мал союучу жайларды текшерип, малды жана этти ташууну көзөмөлдөөчү постторду түзүүдө. Иш-чаралар мал чарбачылыгындагы кылмыштуулукту азайтуу жана айыл тургундарынын кызыкчылыктарын коргоого багытталган.
Бишкектин “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрүү пунктунда ветеринардык нормаларды бузуу менен Казакстандан ташылып келинген 302 миң тоок жумурткасы аныкталды. Маркаланбагандыктан жана санитардык талаптарга жооп бербегендиктен жүк артка кайтарылган.
ОшМУда жергиликтүү койлордон жана гиссар кочкорлорунан алынган “Ала-Тоо” жаңы породасындагы койлорду жасалма жол менен уруктандыруу иштери ийгиликтүү жүргүзүлдү. Порода эт жана май тармагында жогорку наркы жана келечеги бар. ДНК, сүт жана эт боюнча изилдөөлөр жүрүп, патент алууга даярдыктар көрүлүүдө. Студенттерге жана фермерлерге көбөйтүүнүн биотехнологиясы боюнча тренингдер өткөрүлдү.
Кыргызстан айыл чарба жаныбарларын инвентаризациялоо үчүн ири жана майда жандыктарды жана жылкыларды экспорттоону убактылуу токтотот. Иш-чара ветеринардык нормалардын сакталышына жана малдын так эсебине көзөмөлдү жакшыртууга багытталган. Инвентаризация 15-20 күнгө созулат, андан кийин экспортко уруксаттар жаңыртылат.