Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз түрдө канаттуулардын этин алып келүү аракети
Кыргызстандын “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрүү пунктунда Казакстандан керектүү ветеринардык документтери жок алынып келинген 36 миң кг канаттуулардын эти табылган. Инспекторлор ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык эрежелерин бузгандыктан жүктү жөнөтүүчү өлкөгө кайтарып беришкен.