
Кыргызстан менен Черногориянын тышкы иштер министрлери кызматташуу боюнча эки документке кол коюшту
Кыргызстандын жана Черногориянын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Эрвин Ибрагимович 2026–2027-жылдарга арналган кызматташтык программасы жана дипломатиялык даярдык боюнча кызматташтык меморандумун кол койду. Черногориянын тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович 23-24-март күндөрү Кыргызстанда расмий визитте болуп жатат.








