Президент Астанага учуп кетти. Аны кимдер коштоп жүрөт (делегациянын курамы)
Бүгүн, 8-августта, Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен Астана шаарына учуп кетти. Ал Борбордук Азия мамлекеттеринин жетекчилеринин алтынчы консультациялык жолугушуусуна жана "Борбордук Азия + Жапония" диалогуна катышат. Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида менен сүйлөшүүлөр пландалган. Расмий делегациянын курамында министрлер, элчилер жана мамлекеттик агенттиктердин жетекчилери бар.