Тег Водительдик

«Тундук» тиркемеси аркылуу айдоочулук күбөлөнү онлайн алмаштырууга мүмкүнчүлүк берилет

Бишкектин Токмок шаарындагы калкты тейлөө борборлорунун иши менен таанышкан президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Цифрдык кызматтарды кеңейтүү жана кызмат көрсөтүү процессиндеги адам факторун минималдаштыруу зарылдыгын белгиледи. «Тундук» тиркемеси аркылуу айдоочулук күбөлүктү алыстан алмаштырууга мүмкүнчүлүк киргизилет. Цифрлаштыруу бюрократияны кыскартуу жана мамлекеттик кызматтарды жарандар үчүн ыңгайлуу кылуу үчүн негизги инструмент болуп саналат.

2026-жылдан баштап Кыргызстанда түбөлүк айдоочулук күбөлүктөр алмаштырылат

Кыргызстанда 2026-жылдын январь айынан баштап, эски үлгүдөгү убактылуу эмес айдоочулук күбөлүктөр жаңы 10 жылдык мөөнөтү бар күбөлүктөргө алмаштырылат. Мындан тышкары, техникалык паспорттор жаңы форматка өткөрүлүп, кагаз документтердин ордуна заманбап пластикалык карталар киргизилет.

Кабинетте 100 күндүк реформаларды ишке ашыруунун алкагындагы бир катар демилгелердин жыйынтыктары чыгарылды.

Президент тарабынан демилгеленген "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында эки приоритеттүү багыт боюнча реформалар ишке ашырылып, жүк ташуу жана медициналык справка алуу процесстери электрондук форматка өткөрүлүп, убакыт жана чыгымдар кыскартылды.