Наемничилик үчүн соттолгон кыргызстандык россиялык паспорт алды
Аскар Кубанычбек уулу, Кыргызстандын жарандыгынан айрылып, орус паспортун алган. Ал Орусиянын Коргоо министрлиги менен контракт түзүп, фронтко жөнөп жатканын билдирди. 2023-жылы Украинадагы согуштук аракеттерге катышканы үчүн он жылга соттолгон, бирок кийинчерээк жаза мөөнөтү кыскартылып, пробацияга чыкты. Аскар Кубанычбек уулу Кыргызстанды таштап, Орусияга жөнөп, убактылуу башпаанек алуу үчүн арыз берген.