Тег ячмень

КР өзүнүн сүт, эт жана жашылчага болгон муктаждыгын жабууда

Кыргызстанда агроазык-түлүк рыногу туруктуу бойдон калууда, азык-түлүк тартыштыгы жок. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмү 117 миллиард 636 миллион сомду түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 14 миллиард 20 миллион сомго өстү. Өндүрүштүн жана кайра иштетүүнүн өсүшү байкалууда. Республика негизги азык-түлүк менен толук камсыз болуп, экспорттук потенциалга ээ. Айыл чарба иштери пландалган көлөмдө аткарылууда.

Ноокаттагы кооператив дан өндүрүү жана асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүүдө

Бакыт Торобаевдин тапшырмасы менен Ноокат районундагы Т. Кулатов айылында Боркош уулу Дамирбек жетектеген «Айтемир Бий» кооперативи өнүгүүдө. 2025-жылы 13 гектар жер бөлүнүп, жогорку түшүм күтүлүүдө. Кооператив мал чарбасын өнүктүрүп, жаңы жумуш орундарын түзүүдө.

Кыргызстанда себүү иштери дээрлик аяктады – арпа, жүгөрү жана буудай алдыңкы орунда

Кыргызстанда жазгы талаа иштери 657,1 миң гектар аянтты камтыды. Негизги айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча пландар дээрлик аткарылган. Заманбап технологиялар колдонулуп, иштер тыкыр көзөмөлдөнгөн.

Кыргызстанда картошка, жашылча жана бахча өсүмдүктөрүнүн аянттары көбөйтүлдү

Кыргызстанда жазгы талаа иштери аяктап баратат. Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, 598,4 миң гектар жер айдалып, себилген, бул пландалган айдоо аянтынын 85,8% түзөт. Жер семирткичтерди колдонуу жана заманбап технологияларды киргизүү боюнча чаралар көрүлүүдө.

Кыргызстандын айыл чарбасынын өсүшү: биринчи кварталда 41,9 миллиард сомдук продукция өндүрүлдү

Кыргыстанда 2025-жылдын январь-март айларында айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмү 41,9 млрд сомду түздү. Өсүш негизинен мал чарба продукциясынын көбөйүшү менен камсыздалды. Жазгы талаа иштеринде 156,6 миң гектар аянтка себүү иштери жүргүзүлдү. Айыл чарбасын каржылоо уланууда, 2 078 өндүрүүчүгө 1,28 млрд сом жеңилдетилген насыялар берилди.

Айыл чарба министрлиги дыйкандар үчүн 5,7 миң тонна дотациялык үрөн даярдады.

Кыргызстанда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификацияланган үрөндөрү үчүн 30% арзандатуу менен мамлекеттик дотация берилет. Бул чара айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана фермерлерди колдоого багытталган.