Бишкекте интимдик кызмат көрсөтүү үчүн уй уюштурган аял кармалды. Ал батирди ижарага алып, кыздарды өзүнө тартып, кирешенин бир бөлүгүн алып турган. Ага карата кылмыш иши козголду.
Бишкекте мурдагы күйөөсү сабап, күчтөп унаага салып кеткен кызды ала качууга шектелген жаран кармалды. Окуя Гавайи эс алуу борборунда болгон. «Ауди» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол инспекторлору тарабынан кармалып, тергөө органдарына өткөрүлүп берилди.
Токтогул районунда баңги затын жасап сатуу менен алектенген топ кармалды. Тинтүү учурунда унаадан 573 грамм гашиш жана кайра иштетүүчү жабдуулар табылган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.
Бишкекте 30 миллион сомдон ашык алтын куймаларын мыйзамсыз алып чыгуу токтотулду. Кең-Булуң постунан документтери жок 3,3 кг алтын сакталган кассасы бар унаа кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Баткен облусунда аткезчиликке каршы күрөшүү аракеттери уланууда. 2024-жылдын сентябрында мыйзамсыз ташылып келинген товарлар, анын ичинде жүзүм, колдонулган аккумуляторлор жана эт азыктары менен бир нече унаа кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет аткезчиликтин кесепеттери тууралуу эскертет.