Аба ырайынын начарлашына жана тоолуу райондордо кар жааганына байланыштуу Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Өтмөктү толугу менен жабуу Сосновка постунан башталды. Жол кыймылын калыбына келтирүү боюнча маалымат кийинчерээк берилет.
Бул жумада Бишкек шаарында ала булут каптап турат, абанын температурасы күндүз +5 градустан +18 градуска чейин жетет. 20-ноябрда жаан жаашы күтүлөт, калган күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн -4 градустан +7 градуска чейин жылуу болот.
Кыргызстандын түштүгүндө күчү 3 баллга жакын жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Ак-Чечек айылынан 13 чакырым түштүк тарапта жайгашкан. Калктуу пункттарда күчү 2 баллга жетти.
Бишкекте аба ырайынын кескин начарлашына байланыштуу жайкы дөңгөлөктөрүн кышкысына алмаштыра элек айдоочулар өткөрмө бекеттеринен өткөрүлбөйт. Машинаны текшерип, кар чынжырларын даярдоо сунушталат.
Ош шаарында күтүлүп жаткан сууктан улам жылуулук бериле баштады. Муниципалитет жылуулук буга чейин бардык турак жайларга жана социалдык объекттерге жеткенин билдирди.
Бишкек шаарында ушул аптада, 23-октябрдан баштап жаан-чачын күтүлөт. Жакынкы күндөрү абанын температурасы +2 градустан +25 градуска чейин өзгөрүп, күн ачык жана булуттуу болот.
Кыргызстанда 15-17-октябрга чейин жаан, кар жаашы күтүлөт, өзгөчө тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Транспорт жана айыл чарба иштерине тоскоол боло турган температура, үшүк жана катуу шамал болжолдонууда.
Кыргызстанда 11-октябрдан 13-октябрга чейин нөшөрлөгөн жаан жаап, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо таш кулап, башка кооптуу жаратылыш процесстери болушу мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көл, Чүй, Нарын, Жалал-Абад, Талас облустарында жана Бишкек шаарында кооптуу жагдайлар болорун эскертет. Айдоочуларга жолдо этият болуу сунушталат.
Божомолдорго карабастан, күтүүсүз жерден G3 классындагы күчтүү магниттик бороон башталды. Геомагниттик талаа G2 жана G3 деңгээлинде өзгөрүлүп, энергетикалык системаларга жана навигацияга таасирин тийгизген. Адистер бороон кыска убакытка созулат жана жакында алсырайт деп болжошууда.
Ысык-Көл облусунда электр тармактарын модернизациялоо улантылууда: 23,7 км зымдар ишенимдүүрөөк изоляцияланган зымдарга алмаштырылды. Октябрь айынын аягына чейин дагы 29,8 чакырымды орнотуу пландалууда, бул электр менен камсыздоонун сапатын жакшыртат жана өчүрүү коркунучун азайтат. Эски жыгач таянычтар да темир-бетонго алмаштырылууда. Иш тууралуу маалымат Ысык-Көл ТЭСинин сайтында жана «Менин жарыгым» тиркемесинде жеткиликтүү.