Транспорт министрлиги ашууларда карга каршы күрөштү күчөтүп, айдоочуларга кышкы дөңгөлөктөрдү орнотууну сунуштоодо.
Кыргызстандын ашууларына кар жаап, ДЭП кызматкерлери жолдорду тазалоо иштерин активдүү жүргүзүүдө. Айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкысына алмаштырып, кардын чынжырларын тагынуу сунушталат. Көпчүлүк аймактарда, өзгөчө тоолуу райондордо жаан, кар жаашы күтүлөт.