
Кыргыз Республикасы ЮНЕСКОнун Аткаруу кеңешине 2029-жылга чейин шайланды
Кыргызстан 7-ноябрда Самарканде ЮНЕСКОнун Исполнительдик кеңешине 2025-2029-жылдарга мүчө болуп шайланды. Бул шайлоо өлкөнүн эл аралык аренадагы активдүү катышуусун жана көп тараптуу дипломатияга болгон берилгендигин көрсөтөт. Мындан тышкары, Кыргызстан ЮНЕСКОнун программаларын ишке ашырууда жана билим берүү, илим, маданият, коммуникация тармактарында эл аралык кызматташтыкты чыңдоодо маанилүү роль ойноп келет.








