Тег ЮНФПА

БУУнун санариптик саламаттыкты сактоо программасы Кыргызстанда иштей баштады

Кыргызстан БУУ жана эл аралык өнөктөштөр тарабынан каржыланган, бюджети 4,03 миллион долларды түзгөн жаңы санариптик саламаттыкты сактоо программасын ишке киргизди. Ал калктын аялуу катмары, анын ичинде аялдар жана балдар үчүн телемедицина жана электрондук ден соолук жазуулары аркылуу медициналык кызматтарга жетүүнү жакшыртууга багытталган. Программа 700 миң баланы камтып, 200 миң жарандын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын медициналык маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртат.