Бишкекте мыйзамга каршы келген балдардын укуктарына арналган тегерек стол өттү. Катышуучулар кылмыш процессинин ар кандай баскычтарында балдардын укуктарынын сакталышы жана аларды коргоо чаралары боюнча изилдөөнүн жыйынтыгын талкуулашты.
Кыргызстанда 8 миңден ашык вакансия бар, анын ичинен 325и билим берүү кызматкерлерине, 581и медицина кызматкерлерине, 2276сы тигүү кызматкерлерине. Орточо эмгек акы тармактарына жараша 21368 сомдон 62298 сомго чейин. Жумушка орношуу боюнча маалыматты 1899 телефону боюнча жана zanyatost.kg сайтынан алса болот.
Кыргызстан колония-поселениелерди жоюу мъмкънчълъгъ талкуулоодо. Министр Аяз Баетовдун билдируусуне ылайык, электрондук браслеттер менен пробация системалары колония-поселение лардын функцияларын кайталап жатат. Юрист жана укук коргоочулар бул идеяны ар кандай көз караштар менен карап жатат, бирок реформалардын зарылдыгын баса белгилешет.