Замирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагалыгынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Базарбеков Замирбек Курамаевичти өз арызы боюнча Жогорку соттун төрагасы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу жарлыкка кол койду. Базарбеков бул кызматты 2022-жылдан бери аркалап келген.