Тег Зардалы айылы

Зардалы айылына баруучу жолдун бийик тоолуу бөлүгүндө бургулоо жана жардыруу иштери башталды

Баткен районунун Зардалы айылында жолду жакшыртуу жана жол белгилерин орнотуу максатында бургулоо, жардыруу иштери жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров буга чейин жол куруу жана электр жарыгы менен камсыздоо тууралуу билдирген. Ошондой эле кубаттуулугу 29 МВт болгон кичи ГЭСти түзүү пландаштырылууда, долбоордун баасы болжол менен 1,6 миллиард сомду түзөт.

«Абсаттар Сыргабаев Зардалы айылындагы жолдун курулушун баштоо мөөнөтүн билдирди»

Баткен районунда Зардалы айылына толук кирүүгө мүмкүнчүлүк жок жолдун курулушу башталат. Иш 15-октябрда башталып, келерки жылдын ноябрь айына бүтүрүү пландалууда. Долбоор 500 миллион сомго жакын каражатты талап кылат.