Троллейбустар «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын аймагына убактылуу жайгаштырылат.
Бишкекте Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган эки троллейбустук автобазаны капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери башталды. Оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу троллейбустар Коргоо министрлигинин аймагына убактылуу ташылып, кыймылы токтотулду. Өз кезегинде эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап электроавтобустар күтүлүүдө, ал эми шаар боюнча 56 каттам боюнча 1200дөн ашык автобус каттамдарын улантууда.