
Жалал-Абад облусунда ири балык иштетүүчү завод курулат
Бишкек, 23.10.25 /Кабар/. "Салих и Ко" компаниясынын балык чарбасында 11,8 млн долларлык индустриалдык балык өстүрүү кластерин түзүү долбоору башталды. Бул Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жаңы тармактын башталышы болуп, заманбап технологияларды киргизүүгө шарт түзөт. Долбоор жылына 5 миң тонна форель, 270 тонна осетр өстүрүүнү жана азык-түлүк икрасын өндүрүүнү пландоодо. Ошондой эле, 40тан ашык жумуш орундарын түзүп, жаш адистерди окутууга мүмкүнчүлүктөрдү ачат.








