
Жогорку Кеңеш криптовалюта рыногу үчүн жаңы эрежелер жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алды.
Жогорку Кенеште виртуалдык активдер тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Бул өзгөртүүлөр мамлекеттик жөнгө салууну жакшыртуу, стейблкоиндерди жана реалдуу активдер менен камсыздалган токендерди чыгаруу, инвесторлорду коргоо жана инновациялык чечимдерди сыноо үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.








